• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык башталды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Нарын шаарында кыш-күз мезгилине карата даярдык иштерин уюштуруу боюнча штабдын жыйыны өттү.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында көмүрдү сатып алуу иштерин жүргүзүү, кампаларды уюштуруу баасын көзөмөлгө алуу, откана жабдууларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин кечиктирбөө маселелери каралды.

Мэр Канболот Тутуев шаар аймагындагы баардык жетекчилер кышка карата камылга көрүү ишине жоопкерчилик менен карап, даярдык көрүүнү белгиледи.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, 2022-2023-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине Нарын шаарына жалпысынан 17,78 тонна көмүр керектелет.

Пикир

Оставить комментарий