• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Нарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды, - деп билдирет Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылытуу мезгилине Нарын шаары үчүн жалпы 10 миң 500 тоннадай көмүр керектелет, анын ичинен 7 миң тонна көмүр отуну элге, калганы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана жылуулук ишканасына тартылат. Бүгүнкү күндө Нарын жылуулук ишканасына 380 тонна көмүр тартылган.

Кара-Кече көмүр бассейининен көмүр өндүрүп баштоо маалына ылайык, Нарын шаарына көмүр тартуу 1-октябрдан башталаары пландалууда.

Кышка даярдык көрүү иш аракеттеринин алкагында Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов көмүр тартуучу ишкерлер менен жолугушуп, жылытуу маалына даярдык көрүүдөгү маселелерди талкуулады.

Жолугушууда көмүр отунун тартуу жана сатуу иштерине байланыштуу маселелер көтөрүлүп, көмүрдүн баасын негизсиз көтөрбөө, таразага тартып сатуу өңдүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий