• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында Кара-Кече тоосунда жер көчүп, "Дыйкан – Кара-Кече" жолун тосуп калды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Нарында "Дыйкан – Кара-Кече" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жолду тосуп калды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, жер көчкү Кара-Кече суусун тосуп калып, электр линияларын бузган.

"Жумгал районунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол убактылуу жабылды. Учурда жер көчкү токтогон жок. 500-600 м3 болгон жер массасы Кара-Кече суусуна жылып жатат", - деп билдирет минристрлик.

Пикир

Оставить комментарий