• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында кармалган ак илбирске ветеринардык жардам керек – Кыргызстандагы NABU уюму

Аймак 0


Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Нарында кармалган ак илбирске ветеринардык жардам керек. Бул тууралуу Германиянын табиятты коргоо бирикмесинин (NABU) Кыргызстандагы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиришти.

"NABU реабилитациялык борборунун кызматкерлери ак илбирсти карап жатышат. Кечээ кечинде ал бир аз эт жеди. Эртең менен тамагын жебей койду. Алдын ала айтсак, ал ак илбирс картаң, алсыз экен. Ага ветеринардык жардам керек", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 3-май күнү Нарын районунун тургуну Тескей Торпок ашуусунда музоону жеп жаткан ак илбирсти кармап алган. Ошол эле күнү ветеринарлар ак илбирсти текшеришкен. Ал картайган эркек ак илбирстин көзү начар көрөт экен.

Учурда ак илбирс Ысык-Көлдөгү "NABU" реабилитациялык борборуна алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий