• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда кечээ, болжол менен саат 17:00дөр чамасында ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миинистрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак үйдүн жана 2 чарбалык курулуштардын 26 даана чатырын жана 85 чарчы метр туникесин учурган.

“Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн”, - деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий