Нарында кейтеринг менен алектенип, пиццерия ачууну пландап жаткан жаш ишкер Уландын ийгилик сырлары

ТАГДЫР 0

“Нарындын Жаш лидерлери” коомдук бирикмесинин директору, "Ага Хан" фондунун "коомчулукту катыштыруу аркылуу мектептерди өнүктүрүү" долбоорунун фасилитатору, жаштарга бизнес ачуу боюнча бизнес клубтун мурдагы жетекчиси, бир нече бизнес жаатындагы долбоорлордун автору – Улан Мадиев бүгүнкү маегибиздин каарманы.

Ааламга кетчү жол айылдан башталат деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени, биздин каарманыбыз көпчүлүк жаштарга окшоп борборго же чет өлкөгө иш издеп качпай, өзүнүн кичи мекенинде үй-бүлөсүн багып, өз тиричилигин кылып келет. Уландын пикиринде өлкөнү өнүктүрүү үчүн адегенде эле ишти аймактардан баштоо керек. Нарын шаарында тамак-аш жаатында кызмат көрсөтүп, жакында ал жакка пиццерия ачууну пландап жаткан Улан Мадиев “Кабар” агенттигинин жалпы окурмандарына өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп кетти.

-Улан, саламатсызбы? Өзүңүздүн чакан бинесиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Нарында учурда көптөгөн жаштар бизнес ачууга умтулуп, аракет жасап жатышат. Албетте, жыйынтык жакшы болууда. Жаштар өзүн-өзү каржылап, өздөрүнө иш орундарын түзүп жатышат. Бул жакта чоң ишканалар жоктугуна байланыштуу көбүнчөсү кичи ишканалар өнүгүп келет жатат. Жубайым экөөбүз Нарында көп өнүгө элек бизнестин түрүн тандап алганбыз. Ал “көчмө ресторан” (кейтеринг) деп аталат. Бул жакта көптөгөн эл аралык уюмдар, ишканалар тренинг, чогулуштарды өткөрүп келишет. Ошол иш-чара болуп жаткан жерге биз тамак-ашын алып барып, дасторкон жайып беребиз. Учурда 1-2 уюм менен келишимибиз бар. Кичи компаниябыздын аталышы “Гурман”.

-Буйрутма көп түшсө керек э анда?

-Ар кандай болуп калат. Биринчи айда аз болуп калса, экинчи айда тескерисинче көп буйрутма болот. Мисалга, бир жума катары менен (6 күн) кандайдыр бир иш-чара же тренинг боло турган болсо, анда ошончо күн түшкү тамак, 1 же 2 жолу кофе-брейк даярдап беребиз. Келечекте дагы көптөгөн пландарыбыз бар. Биз ушул менен эле токтоп калбастан дагы да болсо аймактарда анча жайыла элек жаңы нерселерди ачсакбы деп аракеттенүүдөбүз. Тагыраагы жакынкы убактарда Нарын шаарында пиццерия ачсакбы деп жатабыз. Учурда бул идеяны ишке ашыруу үчүн иштерди жасоодобуз.

-Бул кирешелүү бизнесби же тескерисинче чыгашасы көп болобу?

-Кирешелүү эле бизнес. Акча каражаты буйрутмага жараша болот. Канчалык көп буйрутма алсак, киреше да ошончолук көп болот (күлүп). “Көчмө ресторан” кызматын көрсөткөнүбүзгө 1,5 жылдай болуп калды.Негизи эле тамак бизнеси абдан кирешелүү. Башында бул ишке киришип жатканыбызда каражат көп деле кеткен жок. Ал өзүн кайрадан бир буйрутма менен эле актады десем болот.

-Эмне себептен кызмат көрсөтүүнүн дал ушул түрүн тандап алгансыздар?

-Себеби көп эле. Биринчиден бул жаңы бизнестин түрү. Экинчиден эл аралык уюмдар Нарын жергесине келип, көптөгөн иш-чараларды өткөрүшөт. Анан алар бизге окшогон кичи компаниялардын кызматына муктаж болуп, издеп калышат. Башкача айтканда суроо-талап бар.

-Өзүңүз башка жумуш менен да алектенет экенсиз. Кантип жетишип атасыз же атайын жумушчуларыңыз барбы?

-Өзүм “Ага Хан” фондунда иштейм. Жумушум көп, бирок жетишкенге аракет кылып жатабыз. Кызмат көрсөтүү жаатында атайын жумушчуларыбыз бар. Бардыгыбыз бири-бирибиз менен сүйлөшүп, алдын ала кеңешип иш алып барабыз. Бизнесте эң башкысы – уюштуруучулук сапат мыкты болушу керек. Уюштуруучулук жана тейлөө кызматынын сапаты мыкты болсо жасап жаткан ишиң таанылып, жакшы өнүгө баштайт.

-Көпчүлүк жаштар жумуш издеп борборго кетишет эмесби. Сиз эмне үчүн аймакта калууну чечтиңиз?

-Нарында деле Кыргызстандын башка аймактарындагыдай жумушсуздук көйгөйү бар. Чет жакка иштеп кеткендер деле аз эмес. Бирок “аракет кылсаң берекет” дегендей, өз жериңде эмгектенип, нан таап жесең болот. Аймактарда тиричилик кылганга эмнеге болбосун. Болот. Азыр адамдар жаңы нерселерге умтулуп, өздөрүнүн жашоо шартын жакшыртканга аракет кылып калышты. Элдердин аң сезими, маданияты мындан ары да өнүксө бизнестин түрү да ошончолук көбөйөт деп эсептейм. Анткени жаңы нерселерге умтулган сайын, ошончолук муктаждык пайда болот да.

Учурда көпчүлүгү ишкана же дагы башка нерсе ачам десе эле миллиондогон каражатты элестетишет. Андай эмес, тескерисинче, бардыгын кичине нерседен башташ керек. Миллионду табыш үчүн миллиондорду сарпташ керектигин эстен чыгарбаш керек. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү өнүктүрүү дал ушул – аймактардан баштала тургандыгын эстен чыгарбасак.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик.

Нурсулуу Нуркамилова

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий