• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында хоккей боюнча Жумгалдын ачык чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда 12нен 14-январь күндөрү хоккей боюнча ачык чемпионат өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке 10 команда катышты: Ормон-Хан (Кочкор), Чолпон-Ата (Ысык-Көл району), Долон (Түп району), Ат-Башы (Ат-Башы району), Кеңеш (Нарын району), Жумгал командалары Барчын (Миң-Куш), Нуралы-Аке (Кызыл-Жылдыз), Жумгал-Шортон (Чаек), Байзак (Байзак), Кыргыз-Темир Жолу (Бишкек).

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду “Нуралы-Аке” курамасы, 2-орунду “Кыргыз Темир Жолу”, “коло” медалды “Жумал-Шортон” курамалары багындырды.

Байге фонду 1-орун – 40 миң сом, 2-орун – 30 миң сом, 3-орун – 20 миң сом, 4-орун – 10 миң сом.

Ошондой эле мыкты чабуулчу, коргоочу жана мыкты дарбазачылар 5 миң сомдон алышты.

Пикир

Оставить комментарий