• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында кийими суунун жээгинен табылган 80 жаштагы карыяны издөө уланууда

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Нарында кийимдери суунун жээгинен табылган 80 жаштагы карыя табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, карыяны издөө бир нече күндөн бери райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Бүгүн дагы издөө иштерин жүргүзүүгө Ак-Талаа районунан 5 куткаруучу, Нарын шаарынан 17 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 3 суучул, жалпы 25 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 29-июнда Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.Издөө учурунда аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.

Пикир

Оставить комментарий