• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында кой-эчкилер эмнеден кырылган?

Аймак 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилер эмнеден кырылып калгандыгын аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кой-эчкилер өлүп жаткандыгы боюнча маалымат 8-июль күнү келип түшкөн.

“Нарын райондук ветеринардык башкармалыктын жана ветеринардык лабораториянын адистери биргеликте клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгилери аныкталган жок. Мындан сырткары өлгөн малдардан анализ алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында “нитрат жана мышьяк” аныкталган. Анын негизинде малдар ууланып өлүп жаткандыгы боюнча болжолдуу диагноз коюлууда”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, комплекстүү изилдөө максатында атайын комиссия түзүлүп, суулардан жана өлгөн малдардан анализ алынып, тиешелүү лабораторияларга жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата 29 баш козу өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий