• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында коменданттык саатты 5 жаран бузду, алардын үчөө мас абалында болгон

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Нарында коменданттык саатты 5 жаран бузду, алардын үчөө мас абалында болгон. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарында сутка ичинде 23 кылмыш иши катталды. "Түндө коменданттык саатты бузган 5 жарандын төртөө Нарын шаарында, бирөө Ат-Башы районунда болгон. Алардын баары эркек кишилер жана үчөө мас абалында кармалды", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий