• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Нарында коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, түндө Нарын шаарында 2, Ат-Башы районунда 3 жаран коменданттык саатты бузган.

"Кармалгандардын баарына протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий