• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында контейнерде билим алып жаткан балдар суук түшкөндө башка жакка которулат

Аймак 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Нарын облусунун Кеңеш айылындагы убактылуу мобилдик үйдө (контейнер) билим алып жаткан балдар үчүн авариялык абалдагы эски мектептин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Маалыматка ылайык, Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда.

"Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок, ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы", – деди Ибраева.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы эски мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуйт жана авариялык абалда турат.

Пикир

Оставить комментарий