• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык абал текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырованын жетектөөсүндөгү (санитардык көзөмөл борбору, ветеринардык кызмат, экотехинспекциясы, салык кызматы) атайын комиссия шаар аймагындагы айрым коомдук тамактануучу жайлардагы тамак-аш коопсуздугун жана башка эрежелердин сакталышын текшерип чыгышты.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейинки текшерүүлөрдө коомдук тамактануучу жайларда сакталуучу эреже, талаптар боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргузүлүп, эскертүүлөр берилип, аткарбаган тараптарга айып пулдар салынган.

"Ага карабастан, учурда дагы тез татымдарда жана коомдук тамактануучу жайларда коопсуздук чаралары көрүлбөй, тамак-аштардын коопсуздугу тууралуу билдирмелери жок иш алып барган ишкерлер көп болууда. Мындай абалды жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргузүлүп, айып пулдар салынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Нарын шаардык мэриясы шаардагы коомдук тез татым, ашкана, кафе-ресторан ээлерине тамак-аш, өрт коопсуздугун сактап, тамактануучу жайга тийиштүү баардык санитардык талаптарды аткаруу менен иш алып барууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий