• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарында коронавирус жуккан бир аял каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каза болгон аял 13-майдан бери ооруканада дарыланып жаткан.

"Анын диагноздору көп болгон. 29-майда реанимацияга, ал эми 30-майда пневномияга күмөн болуп, инфекциялык госпиталга которулган. Бирок кечинде абалы кескин түрдө курчуп, көрүлгөн медициналык чараларга карабастан жүрөгү токтоп каза болду", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.

Белгилей кетсек, бүгүн дагы коронавирус жуккан жаңы 28 учур аныкталып, жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктурган учурлардын саны 1845ке жетти. Алардын ичинен 1219 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 17 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий