• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында коронавирус жуктурган 103 бейтаптын 84ү айыгып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда коронавирус жуктурган 103 бейтаптын 84ү айыгып чыкты. Бул тууралуу облустагы абал боюнча маалымат берип жатып Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алиаскаров билдирди.

Анын айтуусунда, учурда 19 бейтап Ат-Башы, Нарын жана Жумгал районунун инфекциялык бөлүмдөрүндө дарыланууда.

"ПЦР ыкмасы менен коронавирус аныкталган 103 адамдын үчөө сыртта келген. Алар менен жакын байланышта болгон 701 адам аныкталып, баарынан тиешелүү анализ алынган. Алардын ичинен 57синде оң жыйынтык чыгып, ооруканага жаткырылган", - дейт ал.

ССМнын Нарын облусундагы координатору кошумчалагандай, учурда көчмө лаборатория иштеп жатат. Жалпы 2 миң 652 ПЦР анализ жасалган.

"111 адам ӨКМ тарабынан уюштурулган обсервацияда көзөмөлдө турат. Жалпы 521 адам үй карантининде. Коронавируска каршы дарыланып жаткан бейтаптардын абалы жакшы. Оор абалда жаткан эч ким жок. Көбүндө оорунун белгилери жок өтүүдө", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ге жетти. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий