• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында коронавирус жуктурган 137 бейтаптын 96сы айыгып чыкты — өкүл Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 137 адамды түзөт, алардын ичинен 96сы айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 42 адам учурда дарыланып жатат.

"Ат-Башы районунда - 70 адам, Жумгалда - 13, Нарын шаарында - 10 жана Кочкордо үч адам оорудан айыгып чыкты. Учурда Ата-Башыда жети, Жумгалда бир жана Нарын шаарында 34 адам изоляцияда дарыланууда", - дейт ал.

Алымкулов маалымдагандай, жалпы 131 адам обсервация жатат. Ал эми үй карантининде 553 адам бар. Байланышта болгондордун саны 1 миң 436ны түзөт.

"Учурда булардын баардыгы көзөмөлдө болууда. Оору жуктуруп алгандардын ичинен 37си медиктер болууда. Жети - дарыгер, 20 медайым жана 10 санитардык кызматкер. Ошондой эле 14 милиция кызматкери коронавирус жуктурган", - деп маалымдады ал.

Өкүл кошумчалагандай, милиция кызматкерлери арасында коронавируска кабылгандар катталгандыктан облустун баардык ички иштер бөлүмүндө иштеген кызматкерлерден анализдер алынган.

Пикир

Оставить комментарий