• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында коронавирус жуктурган 55 жаран дарылануусун улантууда - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 15.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда коронавирус жуктурган 55 жаран дарылануусун улантууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында илдетти жалпы 404 жаран жуктурган.

"Алардын 345и айыгып чыкты. Учурда ооруканада 55 бейтап дарыланууда. Алар - Кочкордо 16, Наарын шаарында 35, Нарын районунда 4 бейтап. Ал эми 4 адам каза болуп калды", - дейт ал.

Алымкулов кошумчалагандай, облус аймагында 142 адам обсервацияда, 186 жаран үй карантининде болууда. Байланышта болгон учурлардын саны 2 миң 103тү түзөт. Үй карантин талаптарын жалпы 8 адам бузган.

"Эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Ооруну жайылтпоо үчүн үй карантининде болгон жарандарды катуу көзөмөлдөп жатабыз", - деди Алымкулов.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2372 учур катталды. Алардын ичинен 460ы медицина кызматкери. Илдеттен 1813 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий