• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарында коронавирус жуктурган 98 бейтаптын 78и айыгып чыкты — өкүл Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда коронавирустан айыгып чыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы облус боюнча 98 адамда коронавирус аныкталган.

"Бүгүн Нарын шаарынан дагы эки бейтап чыгарылат. Ал эми 1, 2 жана 3-май күндөрү Ата-Башыдан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жалпы айта турган болсок, анда 98 бейтаптын 78и айыгып чыкты. Райондор боюнча алсак, Ат-Башы районунда - 61 адам, Жумгалда - 10 адам, Нарын шаарында - 6 адам, Кочкордо - 1 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган", - дейт ал.

Өкүл кошумчалагандай, учурда Ат-Башыда алты, Жумгалда төрт жана Нарын шаарында жети киши изоляцияда жатат. Үч адам үй шартында изоляцияга алынган. Жалпы 153 адам обсервацияда жатат.

"Үй шартында карантинде медиктердин көзөмөлүндө 528 адам бар. Ал эми 1 миң 68 адам коронавирус жуккандар менен байланышта болгон", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий