• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында коронавируска каршы 5 миң 447 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Нарын облусунда 15-июлга карата коронавируска каршы 5 миң 447 адам эмдөөдөн өтүп, 4 миң 376сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, эмделгендердин 1 миң 318и медик, 1 миң 94ү билим берүү кызматкери, 157си күч түзүмдөрүнүн кызматкери, 325и мамкызматкер, 517си 65 жаштан жогору курактагы жаран, 2 миң 36сы катардагы жаран.

Нарын облусунун аймагында 38 эмдөө пункту ачылды.

Эмдөө пункттарына жана мобилдик топторго тартылган кызматкерлер:

- Ат-Башы районунда – 28 медициналык кызматкер;
- Ак-Талаа районунда – 21 медициналык кызматкер;
- Кочкор районунда – 47 медициналык кызматкер;
- Жумгал районунда – 17 медициналык кызматкер;
- Нарын облусунда – 47 медициналык кызматкер;
- Нарын шаарында – 25 медициналык кызматкер.

Пикир

Оставить комментарий