• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында коронавирустан дарылануудан баш тарткан жаранга карата сотко чейин өндүрүш иши жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Нарында коронавирустан дарылануудан баш тарткан жаранга карата сотко чейин өндүрүш иши жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, социалдык тармактарда Нарын шаарынын О.М. аттуу тургуну видеокайрылуу жасап, анда ал ооруга чалдыкпагандыгын, ал жана анын үй-бүлө мүчөлөрү коронавирустан дарылануудан баш тартып жатканын билдирген. Ошондой эле ал дары ичкенден кийин алардын ден соолугу начарлап жатканын айткан.

2-апрель күнү Нарын районунун оорулардын профилактикасы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиолгиялык көзөмөл борбору Нарын шаардык милициясына О.М. аттуу жаранга чара көрүү боюнча кайрылган.

"2019-жылдын ноябрь айында Нарын шаарынын О.М. аттуу тургуну Пакистан Республикасына даават кылууга кеткен. 2020-жылдын 15-мартында "Лахор-Ташкент", "Ташкент-Бишкек" каттамдары менен Кыргызстанга кайтып келген. Ал кайтып келгенде андан коронавирус аныкталган. Мындан улам анын жүрүм-турумуна карата чектөө коюлган. О.М. санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан белгилешкендей, О.М. менен жакын аралашып жүргөн Нарын шаарынын 3 тургунунан 30-март күнү коронавирус аныкталган.

"3-апрель күнү Нарын шаардык милициясы тарабынан Кылмыш кодексинин 280-беренеси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. О.М. аттуу жаран изоляция болгондуктан бардык тергөө иштери ал айыккандан кийин жүргүзүлөт", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий