• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында коронавирустан жалпы 11 адам айыкты - комендант

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Нарында коронавирустан жалпы 11 адам айыкты. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктуруп алгандардын абалы канааттандырарлык.

"Коронавирустан Нарын шаарында 5, Жумгалда 3, Кочкордо бир жана Ат-Башыда эки жаран айыкты. Ал эми илдетти жуктуруп алган бейтаптардын дене табы көтөрүлгөн жок. Абалдары жакшы", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 612ге жетти. Алардын ичинен 157си медицина кызматкерлери. Коронавирустан 254 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий