• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында коронавирусту 7 милиция кызматкери жуктуруп алган - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 27 милиция кызматкеринин ичинен жетөө Нарын облусунда катталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган 7 учур 3-майда Нарын облусунда катталган.

"Милиция медициналык кызматкерлер сыяктуу тобокел тобуна кирет. Ар бир жуктуруп алган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, жуктуруу себептери аныкталат. Биз милиция кызматкерлери арасында дагы илдетке кабылган жаңы учурлар аныкталбасы үчүн аларга сунуштамаларды берип жатабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 224ү медицина кызматкери. Илдеттен 637 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий