• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарында кубаттуулугу 100 мегаваттык “Куланак” ГЭСи курулууда

Аймак 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоорго ылайык, ГЭСти куруу мөөнөтү 4 жыл. Жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Курулуш жумуштары учурунда 500 адам иш менен камсыз болуп, ишкана ишке киргенден кийин 100 жумуш оруну түзүлөрү мерчемделген. Курулуштун болжолдуу наркы 100 млн еврону түзөт.

ГЭСтин курулушу райондун ирригация тармагына да пайда алып келет. Алсак, Куланак каналын өзү агып чыгуучу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болот. Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын жерлерин сугат суусу менен камсыздоо жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий