• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында кудуктун капкагы менен мүрзөнүн тосмолорун уурдаган шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Нарын облусунда кудуктун капкагы менен мүрзөнүн тосмолорун уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 21-апрелге караган түнү “Нарын Суу канал” ишканасына тийиштүү кудуктардын 4 капкагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирип аталган ишкананын Ч.Н. аттуу директору кайрылган.

Аталган факты Нарын шаардык милициясы тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Нарын районунун 32 жаштагы К.А. жана 33 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары кармалып, жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча уурдагандарын мойнуна алышкан.

Ошондой эле Нарын облусунун аймагында жайгашкан мүрзөлөрдүн чынжырларын жана тосмолорун жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Мындан сырткары, март айында Нарын шаарынын аймагында жайгашкан 5 даана капкакты жашыруун уурдаган Нарын шаарынын 27 жаштагы С.Б. аттуу тургуну жана Ат-Башы районунун 29 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну кармалган.

Жогорудагы жарандар кудуктардын 15 капкагын жана мүрзөнүн 10го жакын тосмосун уурдоого шектелүүдө. Аларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий