• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Куткаруучулар Нарын дарыясына түшүп кеткен адамдын сөөгүн чыгарышты

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Нарында куткаруучулар асма көрүрөдөн түшүп кеткен жарандын сөөгүн суудан чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Ак-Булуң айылында Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп баратып эркек адам сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Нарын райондук №16 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий