• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Нарында кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жумгалдын 1964-жылы туулган А.К. аттуу тургуну милицияга кайрылып, үстүбүздөгү жылдын май айында анын үйүнө келип, акча опузалаган К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

"Шектүү жабырлануучудан 60 миң сом опуза талап кылып, бербесе башкача жол менен аларын айтып коркуткан. Арыз ээси коркконунан 30 миң сом таап берген", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Нарын облустук милициясы тарабынан каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунун 1983-жылы туулган С.К. аттуу тургуну болуп чыккан.

"Шектүү жаран тергөө кызматына жеткирилген. ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий