• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында “Кыргыз шырдагы фестиалы” өттү

Аймак 0

Бишкек, 30-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Нарында “Кыргыз шырдагы” фестивалында 2 миңден шырдак коюлду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 28-29-июнда VII Эл аралык “Кыргыз шырдагы” фестивалы өттү. Ага АКШ, Кытай, Казакстан, Германия, Польша жана Жаңы Зеландиядан, ошондой эле, Кыргызстандын аймактарынан өкүлдөр катышышты.

Ачылышка КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, облустагы Өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов, райондун акими Жакыпбек Субагожоев катышышты.

Иш чарада Манас жана Кошой баатырлар жөнүндө театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү. Кымыз жана узун чачтуу кыздардын арасында сынактар уюштурулду.

Шырдак – оюлар түшүрүлгөн кийизден жасалган кыргыздын улуттук буюму.

Пикир

Оставить комментарий