• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Нарын облусунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында иш-чаралар өттү. Бул тууралуу КР ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгыны башчысы полковник Токтобек Шонкоев билдирди.

Анын айтымында, 27-сентябрда көргөзмөлүү иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Нарын шаарынын А. Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде “жарандык коргонуу” күнү, жаш куткаруучулар командалары арасында “куткаруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча” мелдеш, Нарын шаарынын борбордук базарында өрт тактикалык машыгуу, Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө “ачык эшиктер” күнү, КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда КР ӨКМнин ардагерлери жана Нарын шаарынын окуучулары ортосунда “тегерек стол” өткөрүлгөн.

Андан кийин Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлерине берилип, өрт куткаруу кызматынын тарыхына арналган жана Нарын шаардык Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликтеги даярдалган өрт, жол кырсыгы учурунда жарандарды куткаруу боюнча практикалык көргөзмөлүү иш чаралар чогулган калкка сунуш кылышты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарлардында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Жыйынтыктоочу иш-чара Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү. 5-октябрь күнү илимий-практикалык конференция болуп, анын жүрүшүндө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында талкуулар болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий