• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында кышка даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Нарында кышка даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, учурда Нарын облусунда бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иши дээрлик аяктап калды. Ушул жуманын аягында калкка көмүр тартуу башталат. Бул боюнча облус жетекчилиги тарабынан тапшырмалар берилип, райондордогу көмүр тарткан унаалар жума күнү Кара-Кече көмүр кесимине киргизилери пландалууда.

Кечээ, 5-октябрда Нарын облусунун башчысынын орун басары Адыл Сапаров Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен бирге Нарын шаарындагы мектептерде, бала бакчаларда, жылуулук ишканасында, электр көмөк чордондорунда болуп, кышка даярдык иштеринин абалын көрдү.

Адыл Сапаров тиешелүү кызматтарга кышка камылганы мындан да чыңдап, авариялык абалдарды алдын алууну тапшырды.

Нарын облусу боюнча жалпы 116 миң тонна көмүр керектелсе, 90 миң тоннасы элге, 20-25 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге тартылат.

Нарын шаарында 16 көмүр кампасы уюштурулган. Анын бирөө муниципалдык кампа. Мындан сырткары, ар бир айыл өкмөттө көмүр кампалары бар. Көмүрдүн баасы көзөмөлдөнөт.

Пикир

Оставить комментарий