• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында кышка даярдык жүрүүдө

Аймак 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов көмүр ташуучу жеке ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууда күз-кыш мезгилине даярдыктарды жүргүзүүнүн алкагында калкты көмүр менен камсыздоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Алгач Аманбай Кайыпов калкка көмүр жеткирүүнү жеке ишкерлер жүргүзүп жатканын белгилеп, жумуштун оордугуна карабай калкты кара отун менен камсыздап жатканы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.

Облус башчы калктын учурда кышкы азык-түлүктөрүн, малга тоюттарды камдап жатканын айтып, ошондой болсо дагы көмүр маселесин эртелеп чечип алуу зарыл экенин билдирди.

Көмүр кендеринен Кара-Кече көмүр чыгара баштаганын жана унаалар аз кезинде ташып алуу ыңгайлуу болоорун айткан облус башчы, күн сууктап кете электе наркын арзаныраак коюп көмүр менен камсыздап берүүнү сунуштады.

«Азыр мекеме-ишканалардын кызматкерлерине кайрылып, көмүрдү мурунку жылдардан дагы эртерээк тартып алууну сунуштап жатабыз. Октябрь айына чейин 2800гө чейин ташып берүүнү ишкерлер чогулуп алып макулдашсаңыздар. Күн сууктагыча ушул баада сатууга макулдук берип, көмүр ташып баштасаңыздар сиздерге дагы, элге дагы жеңил болоор эле»,-деди А.Кайыпов.

Жеке ишкерлер маселени ачык талкуулоого чакыргандыгы үчүн облус башчысына ыраазычылык билдиришти. Ал эми көмүр баасын 2800дөн сатуу боюнча ишкерлер арасында кайчы пикир жаралып, маселе талкууга алынды. Айрымдары бул баада сатуу чыгымдарын актабай калаарын айтса, кээ бири кыдырып сатпай бир жерге төгүп берүү ыңгайлуу экенин айтты. Жыйындын соңунда ишкерлер өз ара такташып жакынкы арада жооп берилээрин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий