• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында кышка даярдык көрүү башталды

Аймак 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине даярдыктарды жүргүзүүнүн алкагында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 2017-жылдын 10-августунда Турук көмүр кесиминдеги көмүр ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчы тийиштүү облустук, райондук мекеме жетекчилери, Ак-Талаа районунун акими менен биргеликте «Кенч-строй» жана «Сардар» көмүр ишканаларынын жумушчулары менен жеринде жолугуп, казуулардын жүрүшү жана көмүр менен камсыздоо мөөнөтү тууралуу пикир алышты.

«Кенч-строй» ЖЧКсынын карьер башчысы Төрөбек Садырбаевдин маалыматында 4 күндөн бери тазалоо иштери жүрүп жатат. 15 миң тонна көмүр казып алуу пландалса, 10 күн аралыгында 8 миң тонна көмүр казылат. Ишканага тиешелүү карьерде 1 бульдозер, 1 эксковатор, 1 жүктөгүч, 4 Хово машинасы иш алып барууда.

Ал эми «Сардар» ЖЧКсынын карьер башчысы Азамат Төлөнбеков 1,5 айдан бери тазалоо иштери жүрүп жатканын айтып, көмүрдүн чыкчу көлөмүн алдын ала айтуу мүмкүн эместигин билдирди. Карьерде учурда 4 техника иштеп жатканын маалымдап, мындан башка техникалар оңдолуп келе жатканын кошумчалады.

Жумушка техникалар аз тартылып, жумуш алгылыктуу эмес экенин билдирген А.Кайыпов ишканалар 15-августка чейин көмүр менен камсыздоо милдеттемесин алганын баса белгиледи. Ошондой эле иштөө темпин тездетип, келишимдерге ылайык убагында көмүр менен камсыздай албаса, мыйзам чегинде геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине сунуш берилээрин эскертти.

«Облустун Жумгал районунда жайгашкан Кабак, Кара-Кече көмүр бассейнинен тышкары Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кесиминен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаарына көмүр ташылат. Турук көмүр кесиминен 2015-жылы 21 миң тонна көмүр казылса, 2016-жылда ишканалар милдеттемелерди так аткарбай койгондугу үчүн 8 миң тонна казылып, жазында тартыштык жаралган»,-деди облус башчы.

Бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча облустук штаб иш алып барууда. Бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу боюнча 42 айыл өкмөтүндө тендер өткөрүлгөн. Калган айыл өкмөттөрдө август айынын 2-декадасына чейин тендерлерди бүткөрүп, бюджеттик мекемелерди 15-сентябрга чейин көмүр менен камсыздоо пландалган.

Пикир

Оставить комментарий