• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында логистикалык борбордун курулушу жергиликтүү тургундарга иш орундарын түзөт – С.Исаков

Экономика 0


Нарын, 19.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Нарынга жумуш сапарында Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн Нарын облусунда индустриялык логистикалык хабдын курулушу тууралуу отчетун угуп, борбордун курулушу жергиликтүү жашоочулар үчүн жумуш орундарын түзөрүн билдирди. Ошондой эле, фабрика жана заводдор куруларын айтты.

“Хабдын курулушу Нарындыктар үчүн жаңы иш орундарын түзөт. Мындан тышкары, бул завод жана фабрикалардын курулушуна негиз болот. Белгилей кетсем, мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлөт. Алды менен суу тартылат. Силердин милдет – бир жуманын ичинде тыкыр иштелген план түзүү”,- деп тапшырды Экономика министрлигинин өкүлдөрүнө Исаков.

Пикир

Оставить комментарий