• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында лыжа тебүү боюнча ачык биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Нарында СССР спортунун отличниги Мукамбет Байшериевдин жаркын элесине арналган лыжа тебүү боюнча ачык биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Жарыш 8-февралда Казан-Куйган айылында өттү.

Аталган мелдеш "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылынын алкагында жана Кыргызстанда лыжа спортун жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Мелдешке Нарын облусундагы мектептерден 87 окуучу катышты. Лыжа жарышы классикалык стиль боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарга ээ болгондор медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий