• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында Майыптардын эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 1-декабрында, Нарын шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата иш-чара өттү. Нарын шаарынын тургундарынын катышуусунда өткөрүлгөн иш-чарага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, шаар тургундары катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны Э. Алымкулов ачып, каалоо-тилектерин жолдоду. Андан соң майыптар менен иш алып барууда активдүүлүгүн көрсөткөн коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

К.Асизов калктын аялуу катмарына жакындап жардам көрсөтүү менен бирге ар дайым камкордукка алып, колдоп туруу зарыл экенин белгиледи. Бул багытта мамлекет ар тараптуу иштерди жүргүзүп, жөлөк пулдарды чектеп берүү менен катар муктаж жарандарга социалдык кызматкерлер тарабынан үй-тиричилигине жардам берүү жагы каралганын, ошондой эле айрым майыптарга үй берилерин айтты. “Быйыл мамлекет тарабынан майыптуулугу бар 10 үй-бүлөгө Нарын шаарынын Московская чөлкөмүнөн турак-жай салып берүү каралууда. Жери чечилген. Акчасы облустук капиталдык курулуш башкармалыгына келип түштү. Кийинки жумада тендер жарыяланат”,-деди.

Майып адамдардын окутуу-тарбиялоо иштерине, камкордукка алууга салымдарын кошуп жаткан коомчулуктун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындан тышкары, майыптуулугуна карабастан кол өнөрчүлүк менен алектенген, өз алдынча ишкерлик кылган адамдардын эмгектерин баса белгилеп, иштерине ийгилик каалады.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Нарын шаардык мэриясынын даталуу күндү уюштуруу иштери үчүнӨкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 10 миң сомду тапшырды.

Майыптардын эл аралык күнүнө карата ар бир райондо иш-чаралар уюштурулууда. Уюштуруу иштерине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 60 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Нарын облусу боюнча ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) 12 миң 296 адам бар. Анын ичинен 6233 адам социалдык фонддун каттоосунда, ал эми 6063 ДМЧ социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. 6063 ДМЧнын 2030 адамы 18 жашка чейинки балдар, 319 шал оорусу (ДЦП) менен жабыркагандар, 3714 адам жалпы оорунун майыптары.

Пикир

Оставить комментарий