• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында мал уурдоого шектелип беш жигит кармалды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Нарында мал уурдоого шектелип беш жигит кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 12-февраль күнү Нарын районунун 50 жаштагы О.Ж., аттуу тургуну короонун ичинен бир баш кой белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен райондук милицияга кайрылган.

Аталган факты каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө О.Ж.нын бир баш коюн Нарын районуна караштуу мал базарда бейтааныш кишилерге сатып жаткан жеринен Нарын районунун 19 жаштагы К.А., аттуу тургуну, Нарын шаарынын 19 жаштагы Н.Т., жана 20 жаштагы М.А., аттуу тургундары кармалып, кылган күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Шектүүлөрдүн башка да кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада дагы башка беш уурулук фактыларын кылгандыгы аныкталган. Алар Нарын районунун 20 жаштагы М.А., аттуу тургуну, Нарын шаарынын 19 жаштагы Н.Т., 19 жаштагы К.А., 20 жаштагы Ш.Б., 19 жаштагы Т.Ж., жана Т.А., аттуу тургундары экендиги аныкталган.

Тергөө иштери толук кандуу жүргүзүлүп, Нарын райондук сотуна жиберилип, баш коргоо чарасы каралды. Шектүүлөр Нарын райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий