• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында Мамкаттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 21-майда саат 10:00дө карата республика боюнча коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды.

"Алардын ичинен Нарындагы Мамкаттоо кызматынын 6 кызматкери коронавируска кабылды. Кызматкерлердин баары медициналык көзөмөлгө алынып, тиешелүү дарылануудан өтө баштады", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий