• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак 0

Ош, 03.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Нарын шаарында бүгүн мамлекеттик туу күнү белгиленди. Иш-чара жаштардын жана жергиликтүү тургундардын Нарын шаарындагы Ленин, Тоголок Молдо, Т.Мамбеталиев көчөлөрү аркылуу жөө жүрүшү менен башталды.

Ошондой эле, 5-мартта белгилене турган Ак калпак күнү белгиленди. Жаштар майрамдын урматына колдоруна туу кармашып, баштарына Ак калпак кийишти.

Андан соң шаардын борбордук стадионунда Туу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, шаардын вице-мэри Нурбек Молдокадыров, мектеп окуучулары, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий