• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында "Мазар-Булак" багынын айланасы тосулууда

Аймак 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Нарын шаарынын РТС аймагында “Мазар Булак” скверинин айланасын темир тосмо менен тосуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

1999-жылы уюшулуп, 1,5 га жер аянтын ээлеген сквердин тегерегин тосуу долбоорунун жалпы наркы 765 миң 876 сомду түзөт. Анын 574 миң 400 сом акча каражаты республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу каржыланып, өздүк салым катары шаардык бюджеттен 191 миң 460 сом жумшалууда. Скверди тосуу иштери август айында аяктайт.

Кийинки жылдары скверге брусчатка төшөлүп, отургучтар, фонарлар орнотулуп, аймактын жашоочуларынын эс алуусу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий