• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында медкызматкерлерди мажбурлап обсервацияга жаткырып жатабы? — жооп

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Нарында медкызматкерлер коронавирусту жуктуруп алгандарды дарылагандан кийин обсервацияга милдеттүү түрдө алынат. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Самат Асаналиев билдирди.

Түз эфирде Самат Асаналиевге "Нарында медкызматкерлерди мажбурлап обсервацияга жаткырып жатабы?" деген суроо берилген.

"Медкызматкерлер илдетке шектүү жарандар же коронавирусту жуктуруп алгандар менен иш алып барып жатканына байланыштуу калктын коопсуздугу үчүн алар милдеттүү түрдө обсервацияга алынат. Ал жерден тиешелүү изилдөөдөн өтүш керек. Анализдери таза чыкса гана биз обсервациядан чыгарууга милдетүүбүз", - дейт ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 9 жаңы учуру катталып, жалпы 665 учурга жетти. Стационарда 312 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 6. Ал эми 345 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий