• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында мекеме-ишканалар жана көчөлөр дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Күн мурун, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы айрым мекеме-ишканалар жана көчөлөр дезинфекцияланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Раззаков көчөсүндөгү НОБОнын төрөт бөлүмүнүн имаратынын айланасы, Сейил-Булак участкасы толугу менен жана Ленин көчөсү (64-аймагынан Таранчы көчөсүнө чейинки аралык) дезинфекцияланды. Бул иштер шаардагы учурдагы абал турукташканга чейин улантылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий