• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында милиция карыяны "өлтүрөбүз" деп коркуткандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Нарында милиция карыяны "өлтүрөбүз" деп коркуткандарды кармады.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "карыяны автоунаага салып алып, талаадан мүрзөдөн өлмүрөбүз" дегендердин видеосу тараган.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факты Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып, алар кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жакын арада кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий