• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында милиция кызматкерлери шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте иштешет

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Шайлоого карата Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын ОИИБнын өздүк курамы, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Нарын облусундагы өзүнчө ротасынын, ЖКККБнын, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмү жана Нарын шаардык күзөт бөлүмү, Нарын ОИИБнын ардагерлери, Элдик кошуундар үчүн горнизондук саптык кароо өттү.

Өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, 11-апрель күнү Кыргыз Республиксынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти, коомдук саясий коопсуздукту сактоо жана мыйзам бузууга жол бербөө милиция кызматкерлеринин милдети экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, ИИМ тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол бербөө жана ушундай фактыларга жол берилсе мыйзам талаасында иштерди күчөтүлгөн тартипте алып баруу милдеттерин койду.

Эскерте кетсек, Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде миңден ашык коомдук коопсуздукту сактоо үчүн өздүк курамдын, ардагерлердин жана элдик кошуундардын мүчөлөрү иш алып барышат. Мындан тышкары, шайлоо күнү мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн тергөө тобунун 100 кызматкери тартылат.

Пикир

Оставить комментарий