• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында милиция кызматкерлери тургундарга ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин эскертишүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Нарында милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин эскертишүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча" жарлыгынын негизинде облус аймагындагы шаар-райондордо, айыл аймактарда казыят, дин кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштурушуп, маркумду акыркы сапарга узатууда, маркумду эскерүү иш-чараларын, тойлорду өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштериш жүргүзүшүүдө.

Мындан тышкары, милициянын көчмө кабылдамасы менен тартип сакчылары жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүшүп, ар кандай салтанат тойлорду өткөрүүдө, каада-салттарды, үрп-адаттарды карманууда ашыкча чыгымдарга, ысырапкерчиликке барбоо боюнча түшүндүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий