• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында КР президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык 2020-жылдын 15-апрелинен таңкы саат 08.00дөн баштап 30-апрелинин саат 08.00гө чейинки убакытына Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилди.

Буга байланыштуу бүгүн Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын шаары жана Ат-Башы районунун каменданты, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев, КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн катышуусунда гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү.

Анда өзгөчө абал режими боюнча иш алып барып жаткан кызматкерлерге каменданттын буйруктары тааныштырылды. Ошондой эле жугуштуу оорунун алдын алууда кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин өз коопсуздугун сактоо боюнча да тыкыр нускамалар өткөрүлдү.

“Өзгөчө абал - бул жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо максатында республика боюнча же анын айрым аймактарына киргизиле турчу убактылуу чара болуп эсептелет. Өзгөчө абал режими Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.Өзгөчө абалдын тартибин бузган, аткаруудан баш тарткан, баш ийбеген, чагымчылдык жаратчу айың, имиштерди тараткан жарандар мыйзам чегинде жазага тартылат. Жөө жүргөн, маска тагынбаган жарандарга дагы чара көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Комендант У.Аалиев билдиргендей, бүгүн, 15-апрелден баштап кечки саат 21.00дөн эртең мененки 06.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. “Нарын шаарына 4 жерге блок-посттор, 4 жерге фильтрациалык посттор коюлду. Ал эми Ат-Башы району боюнча 5 жерге блок-пост, 21 аймакка фильтрациалык посттор жайгаштырылды.Өзгөчө абалдын эрежелерин так сактап, илдеттин жайылышына бөгөт коюуга жалпылап жардам бересиздер деген ишеничтебиз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий