• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында мугалимдер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу академиялык драма театрында мугалимдер күнүнө карата облустук иш-чара өттү.

Салтанатты облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымбек Мамытов ачып, окуу жылындагы жетишкендиктерге токтолду. Республикалык, эл аралык олимпиадаларда, мелдештерде жеңишке жетишкен окуучулардын, мугалимдердин атын атап, облус республика боюнча алдынкы орундарга чыкканын маалымдады. Андан соң сөз кезегин Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго берди.

Облус башчы ардактуу кесип ээлерин куттуктап, мугалимдердин коомдогу ордун жана эмгегин белгилеп өттү. «Мугалимдик кесип эң татаал. Ал талыкпаган эмгекти, жыйынтыгы болсо узак убакытты талап кылат. Ал балдардын билим сапатынан байкалып калат.Балага туура багыт берүү дагы, болбосо тагдырын тескери нукка буруу дагы сиздердин колдо. Андыктан күндөн күнгө билимиңиздерди өркүндөтүп, балдарга таасирдүү болушуңуздарга тилектешмин. Жылдан жылга өсүш бар. Жалпы мугалимдер коллективине жана балдарынын билим алуусуна көңүл буруп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдиребиз”,-деп каалоо-тилектерин билдирген жетекчибилим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан бир катар мугалимдерге Ардак грамота тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева мугалимдерди куттуктап, эмгек алдынкыларына “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин жана министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык иш чара билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кызматерлери, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Учурда Нарын облусунда 141 мектеп, 5 миң 947 мугалим жана 57 миң 636 окуучу бар.

Пикир

Оставить комментарий