• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында муз жарылып, трактор сууга түшүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Нарын облусунун Чаек айылындагы сууга түшүп кеткен МТЗ-89 үлгүсүндөгү трактор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Белгилей кетсек, 23-декабрда Чаек айылынын Шортон тилкесинде ал трактор муздун үстүн кардан тазалап жатып, муз жарылып трактор жарымына чейин сууга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу барып, унааны суудан чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий