• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында мыйзамсыз алтыны бар ак түстөгү таштарды ташып жаткан жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Нарында мыйзамсыз алтындын курамы бар делген өңү ак түстөгү таштарды ташып жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөргөн. Анын алкагында 16-январь күнү таңкы саат 05:50лөр чамасында Нарын районунун аймагынан "УАЗ" үлгүсүндөгү автоунаасын тосуп текшерген учурда Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр участкасынан алтындын курамы бар делген өңү ак түстөгү 3 даана капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен 5 жаран кармалган.

"УАЗ" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын районунун Эмгекчил айылынын 22 жаштагы К.Б. аттуу тургуну, ушул эле айылдын 21 жаштагы Т.А. аттуу тургуну, 20 жаштагы А.А. менен М.Н. жана 21 жаштагы Ж.Т. таштарды чогуу алып келе жатышкандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Аталган факты Нарын райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, алынган ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий