• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 21-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 21-мартында, Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, майрамдык салтанатта КР Өкмөтүнүн аппараттынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышып, теңиртоолуктарды куттукташты.

Облус башчы А.Кайыпов сөз кезегинде Нооруз майрамы менен жалпы облус тургундарын жана меймандарды куттуктап, учурдагы абалга токтолду. “Жылдын башталышы менен табият жергебизге сыноолорду берип жатат. Бирок бул убактылуу гана көрүнүш деп ойлойм. Элибиздин ынтымагы менен биримдиги аркылуу сыноолорду жеңип чыгуу мүмкүн. Жергиликтүү бийлик элибиз менен биргеликте жапа тырмак, бар күчүбүздү жумшап көйгөйдү чечип жатабыз. Учурда элибиздин тынчтыгын сактоо менен бирге эмгек кылууга үндөө ар бирибиздин милдетибиз. Калктын тынчын алып, бүдөмүк ойлорго салып жаткандардан алыс болуп, мээнет кылуу менен гана бакубат турмушка жетишибиз керек. Быйылкы жылдын ар бир кадамы арымдуу ийгиликтерди жаратсын. Алдыбызда көп жакшы максаттар, асыл тилектер турат. Ал аруу максаттар баарыбыздын биргеликте, ынтымакта жана уюшкандыкта алга карай умтулуубуз менен толук ишке ашат деп ишенемин”,-деди жетекчи.

Андан соң майрамдык иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок программасы, ыр-бийлер менен коштолуп, Нооруз майрамынын ажырагыс бөлүгү болгон сүмөлөк, көжө көрүүчүлөргө таратылды. Мындан сырткары улуттук тамак-аш конкурсу жана айыл-чарба продукциясынын жарманкеси өткөрүлүп, акысыз тамак-аш уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий