• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында облус башчысы кичинекей балдарды майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн таң эрте өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарындагы үч эм наристелерди жана турмуштун оор кырдаалына кабылган бөбөктөрдү 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, белектерда тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл балдарга жакшы тилектерин арнап, кең келечек каалаган.

Иш-чара Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган майрамдык оюн-зоок программасы менен коштолуп, шаардагы балдарга майрамдык маанай тартууланды.

"Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык майрамдык иш-чара уюштурулган жок. Ошондой болсо да ыйгарым укуктуу өкүл ар бир райондогу үч эм, эгиз, тоголок жетим жана Апрель элдик революциясынын шейиттеринин балдарын жеринде куттуктап, көңүл бурмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий