• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында облусунда заманбап касапкана курулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Бүк тилкесинде 17,5 млн сомго заманбап касапкана курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 2019-жылы декабрь айында касапкананын курулушуна насыя катары 8,5 млн сом бөлүнгөн.

Касапкананы 2020-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Ошондой эле Нарын шаарына жакын жерде 37 млн сомго заманбап медициналык борбор курулууда.

Пикир

Оставить комментарий